Жоюу (ликвидациялоо)

Юридикалык жакты жоюу (ликвидациялоону) жол-жоболоштуруу – дээрлик татаал процесс, белгилүү бир убакытты жана каражатты талап кылат, убакытты жана каражатты үнөмдөө үчүн бул жаатта тажрыйбага, мыйзамдар боюнча билимге ээ болуу керек жана мамлекеттик органдардын иштөө өзгөчөлүктөрүн билүү керек. Ликвидациялоо үчүн милдеттүү түрдө салык органдары тарабынан, социалдык фонд тарабынан текшерүүдөн өтүү керек, ошондой эле бардык процедуралар бүткөндөн кийин юстиция органдары үчүн документтердин топтомун даярдоо керек, алар да бул документтерди экспертизадан өткөрөт.

Кыйынчылык жаратуучу адатта көп кезиге турган бир нече учурда белгилөөгө болот:

  • ликвидация боюнча чечимди туура жол-жоболоштуруу, ликвидациялык комиссияны дайындоо (ликвидатор) жана ликвидациялык балансты бекитүү
  • уюмду ликвидациялоо боюнча тиешелүү тартипте жана мөөнөттө юстиция органдарына кабарлоо
  • салык жана соцфонд органдарынан соңку текшерүүдөн өтүү
  •  мамлекеттик архивдин бүтүмүн алуу
  • мөөрдү ички иштер органдарынан жок кылуу
  • юстиция органдарына туура жана толук толтурулган документтердин топтомун берүү
  • ликвидациядан кийин калган мүлктү уюштуруучулардын ортосунда бөлүштүрүүнү туура жол-жоболоштуруу (коммерциялык юридикалык жактар үчүн).

Жогоруда айтылган этаптардын бирине эле коюлган талаптардын аткарылбашы юстиция органдарынын юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну тиешелүү тартипте каттоодон (ликвидация) баш тартуу чечимине алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде  документтерди толуктоо, оңдоо үчүн кошумча каражат жана убакытты талап кылат.

Ликвидация процессинин DE URE consult компаниясынын юристтери тарабынын коштолушу, бул ликвидация процессин бул жааттагы адистердин колуна тапшыруу менен   убакытты үнөмдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бизде коммерциялык болобу, коммерциялык эмес болобу бардык формадагы, юридикалык жакты ликвидациялоо боюнча тажрыйба мол.

Эгер сиздин компанияны бухгалтердик жактан DE URE consult компаниясы тейлеп келген болсо, бардык ликвидация процедуралары, ликвидация боюнча чечим кабыл алынгандан баштап, юстиция органдарынан ишмердүүлүгү токтогону туурасында соңку буйругун алганга чейин, кардардын катышуусуз, биздин адистер тарабынан гана толук бүткөрүлөт.  Башка учурларда салык жактан текшерүү этабында ликвидация болуп жаткан уюмдун бухгалтери же директорунун катышуусу зарыл, калган этаптарынын баары кардардын катышуусу жок эле бүткөрүлөт.

Дагы суроолоруңуз барбы? Биздин юристтер менен байланышып, акысыз кеп-кеңеш алсаңыз болот.

11 окт 2025