Лицензиялоо

Бир катар ишмердүүлүктүн түрлөрү жана айрым бир аракеттер менен алектенүү үчүн лицензия алуу милдеттүү талап болуп саналат.

Тиешелүү уруксат документтерин алуу көп учурда чоң тоскоолдуктарды жаратат жана бизнес үчун көп убакытты жоготот, анткени лицензиялык процедуралары кайсы бир деңгээлде тажрыйба менен билимди талап кылат, ошондой эле мыйзамдарда бекитилген лицензиялык талаптарга байланыштуу атайын билим жана маалыматтар да керек болот.

Лицензиялаштыруу DE URE consult компаниясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды. Ошондуктан биздин юристтер төмөнкү ишмердүүлүктөр боюнча лицензия алууда комплекстүү укуктук коштоо боюнча кызмат көрсөтө алышат.

Лиценциялаштыруу:

  • курулуш-монтаждык иштер (III, II, I категориядагы объектилер);
  • долбоордук-изилдөө жумуштары (III, II, I категориядагы объектилер);
  • билим берүү боюнча ишмердүүлүк;
  • күрөөканалардын ишмердүүлүгү;
  • микрофинансылык компаниялардын ишмердүүлүгү;
  • кредиттик союздардын ишмердүүлүгү;
  • төлөм жүргүзүү уюмдары жана төлөм системаларынын операторлорунун ишмердүүлүгү;
  • накталай чет өлкөлүк валюталар менен операция жүргүзүү (акча алмаштыруу жайлары);
  • профессионалдык лотереяларды уюштуруу боюнча ишмердүлүк;
  • мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишмердүүлүгү;
  • инвестициялык фонддун ишмердүүлүгү;
  • почта байланышы жаатындагы ишмердүүлүк.

Уруксат кагаздарын алуу:

  • чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында берилген жалпы квотанын негизинде жумуш берүү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөнүн аймагынан сырт жумушка орноштуруу;
  • шыктандыруучу лотереяларды уюштуруу;
  • курамында алтын бар концентрат же майдаланган кенди сатып алуу;
  • тоо-кен иштерин жүргүзүү;
  • өсүмдүктөр дүйнөсүнө тиешелүү объектилерди коммерциялык максатта алуу (өсүмдүктөр дүйнөсүнө тиешелүү объектилерди алууга уруксат жана токой билети.

Мындай кызматтарды аткаруу мөөнөтү жана акысы лицензия алууну талап кылган ишмердүүлүктүн түрүнө жараша болот.

Лицензиялык талаптар туурасында кененирээк маалымат алуу үчүн биздин юристтер менен байланышыңыз, кеңеш берүү акысы.

11 окт 2025