КРнын «Юридикалык тараптарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык, юридикалык тарап төмөнкү учурларда кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү:
Жогоруда айтылгандардын кеминде бир пункту тиешелүү болгон юридикалык тараптар, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып (финансылык-кредикттик мекемелер үчүн – Крнын Улуттук Банкынан жазуу түрүндө макулдук алынган күндөн тартып) 30 күндөн кечиктирбестен кайра каттоо процедураларынан өтүү үчүн тиешелүү документтерди каттоочу органга бериши керек.
Эгер сиздин уюмуңузду кайра каттоодон өткөрүү керек болсо, сиз бул ишти DE URE consult компаниясынын юристтерине тапшырсаңыз болот.
Кайра каттоо мөөнөтү: Коммерциялык юридикалык тараптар үчүн 7-10 жумушчу күн (финансылык-кредиттик мекемелерден башка), коммерциялык эмес юридикалык тараптар үчүн 12-14 жумушчу күн (финансылык-кредикттик мекемелер үчүн да), саясий партиялар үчүн 32-34 жумушчу күн.
Биз төлөмдү кардардын каалоосу боюнча төмөнкү жолдор аркылуу кабыл алабыз: которуу, накталай, Элсом электрондук капчык аркылуу же банк караталары менен (дебеттик/кредиттик).
Бардык процедуралар кардардын катышуусуз аткарылат. Филиалдын директорунун катышуусу банктан эсеп ачуу этабында да керек болот (эгер бул талап кылынса).
Дагы суроолоруңуз барбы? Биздин юристтер менен байланышып акысыз кеңеш алсаңыз болот.
Бөлүшүү