Кайра түзүү

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесине ылайык юридикалык жактарды кайра түзүү төмөнкү формаларда ишке ашат:

  • өзгөртүп тузүү – бул формада юридикалык жактар бир уюштурма-укуктук формадан башкага өтөт (мисалы, “А” ЖЧК болсо, эми “А” ЖАК)
  • бириктирүү – бул формада эки же андан ашык юридикалык жактар бир юридикалык жак болуп биригет (мисалы, "А" ЖЧК + "В" ЖЧК  = "С" ЖЧК)
  • кошуу – бул формада бир же андан ашык юридикалык жактар башка юридикалык жакка барып кошулат (мисалы, "А" ЖЧК бардык актив, укук, милдеттери менен "В" ЖЧК кошулат = "В" ЖЧК);
  • бөлүү – бул формада бир юридикалык жак эки же андан ашык юридикалык жак болуп бөлүнүп кеткенине байланыштуу өз ишмердүүлүгүн токтотот (мисалы "А" ЖЧК бөлүнөт = "В" ЖЧК жана "С" ЖЧК, бул учурда ар бир жаңы ЖЧК өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет жана бөлүнүү балансына ылайык "А" ЖЧК активдерине, милдеттерине жана укуктарына ээ болот)
  • бөлүп чыгаруу – бул формада бир юридикалык жактан бир же андан ашык юридикалык жак бөлүнүп чыгат (мисалы, "А" ЖЧКдан "В" ЖЧК бөлүнүп чыгат = "А" ЖЧК өз алдынча юридикалык жак катары ишмердүүлүгүн уланта берет, "В" ЖЧК да өз алдынча юридикалык жак катары иш алып барат, ал бөлүнүү балансына ылайык "А" ЖЧК актвидеринин, укук жана милдеттеринин бир бөлүгүнө ээ болот)

Жалпысынан кайра уюштуруу процедурасы кандай формада болбосун көп эмгекти талап кылат жана узакка созулган процесс, ошол эле учурда кайра уюштуруунун ар бир формасы өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ, биринчи кезекте укуктук жактан.

Биздин компаниянын юристтери кайра уюштуруунун кайсы формасы болбосун чоң тажрыйбага ээ. Биздин адистер тарабынан кайра уюштуруу процесинин жүрүшүндө баштан-аяк укуктук жактан коштоо жүргүзүлөт: кайра уюштуруу чечими кабыл алынгандан жана ага байланыштуу иш чаралар башталгандап тартып, бардык процедуралар аяктаганга чейин.

Кайра түзүү боюнча кызматтар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

Биздин юрист менен байланышып, кайра уюштурууга байланыштуу бардык кызыктырган суроолоруңузга акысыз кеп-кеңеш алсаңыз болот.

11 окт 2025