Эгер сиз өз компанияңыздын филиалын (өкүлчүлүгүн) каттоодон өткөргүңүз келсе, бул жумушту бизге тапшырып коюуга мүмкүнчүлүгүңүз бар. DE URE consult компаниясынын юристтери жергиликтүү компаниялар үчүн да, чет өлкөлүк компаниялар жана эл аралык уюмдар үчүн филилалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо боюнча комплекстүү кызмат көрсөтөт.
Филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү каттоодон өткөрүү боюнча көрсөтүлчү юридикалык кызматтар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
- каттоодон өтүү процедуралары боюнча кеп-кеңеш берүү;
- юстиция органдарынан катоодон өткөрүү;
- салык органдарынан катоодон өткөрүү;
- социалдык фонд органдарынан катоодон өткөрүү;
- негизги мөөрдү даярдоо;
- банктан эсеп ачуу үчүн документтерди даярдоо (керек болсо).
Каттоо мөөнөтү: кардардан документтердин толук топтомун алган күндөн тартып 14-16 жумуш күн.
Чет өлкөлүк уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) каттоо үчүн кардардан талап кылынган документтер:
- нотариалдык түрдө тастыкталган компаниянын Уставынын көчүрмөсү;
- Уюм өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча учурда юридикалык тарап катары эсептелээрин тастыктаган мамлекеттик реестрден көчүрмө же башка документ. Мындай документтин алынган мөөнөтү документ берилип жаткан күнгө карата 6 айдан эрте болбошу керек;
- филиалдын Директорунун паспорту;
- каттоодон өткөрүүгө болгон нотариалдык түрдө тастыкталган ишеним кат (зарыл болгон учурларда аталган документтин формасы сунушталат).
Нотариалдык түрдө тастыкталган же чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкү аймактарда берилчү документтер:
- КМШга мүчө өлкөлөрүндө легализациясыз (апостиль) берилет, эгер документ бекитилген формада туура жол-жоболоштурулса жана герб мөөрү менен болсо;
- 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк документтерди легализациясын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын мүчө өлкөлөрү үчүн (Бельгия, Германия, Австрия жана Грециядан башка) апостиль коюу менен берилет;
- Башка өлкөлөрдө, анын ичинде Бельгия, Австрия жана Грециянын аймагында тиешелүү тартипте легализациялоо аркылуу берилет.
Өз ара аракеттенүү тартиби. Биринчи этапта юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт жана төлөм жүргүзүлөт. Андан соң кардар тарабынан жөнөтүлгөн маалыматтардын негизинде DE URE consult компаниясынын юристтери документтердин топтому иштелип чыгат жана бул тизме кардардын электрондук почтасына жөнөтүлөт. Ал документтерге кол коюп, жогорудагы тизмедеги башка документтер менен бирге бизге жөнөтүү керек.
Биз төлөмдү кардардын каалоосу боюнча төмөнкү жолдор аркылуу кабыл алабыз: которуу, накталай, Элсом электрондук капчык аркылуу же банк караталары менен (дебеттик/кредиттик).
Бардык процедуралар кардардын катышуусуз аткарылат. Филиалдын директорунун катышуусу банктан эсеп ачуу этабында да керек болот (эгер бул талап кылынса).
Дагы суроолоруңуз барбы? Биздин юристтер менен байланышып акысыз кеңеш алсаңыз болот