Банкрот болуу

Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзам абдан бөтөнчөлүү мүнөзгө ээ болгондуктан ар бир эле юрист бул багытта ишенимдүү иш алып бара албайт. Ал ортодо банкрот болгон ишкананын кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо чоң мааниге ээ жана буга байланыштуу кредиторлор менен процесстин башка катышуучуларынын (атайын администратор, сот, башка кредиторлор) бул маселедеги бардык укуктук жана практикалык билимдерди ийне-жибине чейин талдай билүү аркылуу өз ара аракттенүүлөрү гана карыздарды кайтарууда негизги фактор болуп саналат.

DE URE consult юридикалык компаниясынын юристтери банкротттук процедуралар боюнча, анын ичинде банктардын банкрот болуу процедураларынын алкагында кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо жаатында чоң тажрыйбага ээ.

Банкроттук иштер боюнча көрсөтүлчү кызматтар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • банкроттук жөнүндө, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө мыйзамдарга катыштуу бардык маселелер боюнча кеңеш берүү;
  • ишкананы банкрот деп таануу процедураларын укуктук жактан коштоо;
  • кредитордун жана/же карызгордун кызыкчылыктарын башка кредиторлор же атайын администраторго катыштуу коргоо жана кредитордун кызыкчылыктарын кредиторлор жыйынында, кредиторлор комитетинде коргоо;
  • кредитордун атынан кредиторлор жыйынына, кредиторлор комитетине катышуу жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өкүлчүлүк кылуу;
  • атайын администратордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине каршы даттануу, анын ичинде кардарды кредиторлор реестрине киргизүү , ошондой эле кредитордун укуктарынын бузулушуна  байланыштуу маселелер боюнча даттануу;
  • кредитордун укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча кредитордун кызыкчылыктарын сот жана укук коргоо органдарында коргоо.
11 окт 2025