Эгер сиз чет элдик жаран болуп, Кыргызстанга келбей туруп бизнес каттоону кааласаңыз, анда бул ишти бизге тапшырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Биздин юристтер чет элдик катышуусу бар компанияларды кардардын жарандыгына (резиденттигине) карабастан, толук аралыктан каттоону жүргүзүшөт.
Компанияны аралыктан каттоо боюнча юридикалык кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү:
Өз ара аракеттенүү тартиби:
Биринчи этапта электрондук почта аркылуу office@deure.kg компанияны каттоо үчүн толтурулган арызды (форманы төмөндөн жүктөп алса болот) жана паспорттун сканерленген көчүрмөсүн жөнөтүү керек. Андан кийин, кардар тарабынан жөнөтүлгөн маалыматтардын негизинде, DE URE consult юристтери ишеним каттын долбоорун иштеп чыгып, кардардын электрондук почтасына жөнөтөт, аны нотариалдык жактан тастыктап, Бишкектеги DE URE consult кеңсесине жөнөтүү керек.
Экинчи этапта, компания катталгандан кийин кардарга компаниянын каттоо документтери жана мөөр банк карталары менен бирге жөнөтүлөт. Кардар банк карталарын кол коюу үлгүлөрү менен нотариалдык жактан тастыктап, компаниянын эсебин башкарууга ыйгарым укуктуу адамдын кол коюу үлгүлөрү менен бирге эсеп ачуу үчүн ишеним катты Бишкектеги DE URE consult кеңсесине жөнөтүү керек.
Бөлүшүү