PEAKтин бизнес-кеңешчилеринен акысыз бизнес-диагностика
25 дек 2020

PEAKтин бизнес-кеңешчилеринен акысыз бизнес-диагностика

PEAK программасы, Улуу Британия Өкмөтүнүн UK Aid колдоосу менен, Кыргызстандагы микро, чакан жана орто ишканаларга өсүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

45 мүнөттүн ичинде PEAKтин кеңешчилеринин маалымат базасына кирген жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилер бизнести диагностикалоо боюнча инновациялык курал менен бизнесиңиздин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуучу багыттарды аныктоого жардам берет. Бизнес диагностикалоо бүтөөрү менен, рекомендацияларды ишке ашыруу үчүн бизнес-консультацияга субсидия алууга табыштама берүү мүмкүнчүлүгүңүз болот. Айтмакчы, PEAK маалымат базасы боюнча бизнес-кенешчилердин бири  DE URE consult юридикалык компаниянын аткаруучу өнөктөшү Наргиза Абдаимова болуп саналат.

Диагностикалык курал эмнени сунуш кылат?

  • Жети негизги багыттар боюнча бизнестин потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тез баалоо (өндүрүштүк ишмердик, суроо-талап, бизнести башкаруу, каржы, коопсуздук, жеткирүү тармагы жана кызматкерлер)
  • Тармактык стандарттарга жана атаандаштарга салыштырмалуу бизнестин натыйжалуулугу жөнүндө сандык жана сапаттык отчет
  • Бизнести өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар

Сиз үчүн кандай артыкчылыктар бар?

  • COVID-19дан кийин бизнесиңиздин туруктуулук деңгээлин жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү
  • Бизнес моделин өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү
  • Бизнес тармагын кеңейтүү жана рынокко жетүүнү жакшыртуу
  • PEAK аркылуу бизнести жакшыртуу долбооруна бизнес-кеңешчинин кызматтарына байланыштуу сарптоолорун 85%ына чейин жабуучу субсидия алууга табыштама берүү, жаңы жумуш орундарын сактап калуу же түзүү, инновацияларды иштеп чыгуу жана бизнестин кирешелерин көбөйтүү.

Табыштаманы кантип берүү керек?

Табыштаманы берүү үчүн бул шилтемедеги форманы толтуруңуз. 

Бизнес диагностикалоо жана субсидия алуу тууралуу толук маалымат бул шилтемеде.

Маалымат PEAK материалдары боюнча даярдалган.

25 дек 2020