Өзгөчө абал: Эмне үчүн Кыргызстанда бизнес өкүлдөрү «форс-мажор» кырдаал түзүлгөнүн далилдеши керек
6 апр 2020

Өзгөчө абал: Эмне үчүн Кыргызстанда бизнес өкүлдөрү «форс-мажор» кырдаал түзүлгөнүн далилдеши керек

24-марттан тартып КРде өзгөчө абал: чектөөлөр келишимдер аткарылышын кыйындаатты. Форс-мажор жарайбы жана кантип расмийлештирүү керек — түшүндүрөбүз.

Мындай учурларда «форс-мажор» кырдаал түзүлгөнүн далилдөө жардам береби жана буга кантип жетсе боло турганын бул макалада айтып беребиз.

ӨА режими киргизилгенден тартып жергиликтүү коменданттар тарабынан бир катар буйруктар чыгарылган, маселен аймакта ары-бери жүрүүгө чектөө коюу, коомдук транспортту токтотуу, ошондой эле ӨА убагында ишмердүүлүгүн уланта берүүгө уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген бардык уюмдардын, ишканалардын ишин токтотуу.

Албетте, жогоруда айтылган чаралардын бардыгы көптөгөн уюмдардын, анын ичинде бизнестин ишмердүүлүк жүргүзүшүн кыйындатты. Буга байланыштуу көптөгөн ишканалар аралыктан иштөөгө өтүштү, мындай мүмкүнчүлүг жоктор таптакыр ишин токтотууга аргасыз болушту. Натыйжада, ар кандай келишимдер боюнча алынган милдеттемелерди аткаруу мүмкүн эмес же өтө кыйын болууда.

Буга байланыштуу көптөгөн ишкерлер үчүн өз жоопкерчиликтерин кыскартуу же жоюу мүмкүнчүлүктөрү туурасында суроо пайда болууда.  Чындыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай мүмкүнчүлүк бар, бул үчүн багынбас күчкө ээ болгон аргасыз жагдай түзүлгөнүн далилдөө керек (форс-мажор).

Демек, сиздин компанияңыз форс-мажор же аргазсыз жагдайга таяна алабы?

Бул суроого жооп берүүдө ишкерлер төмөнкү жагдайларды эске алышы керек:

1. Форс-мажор өзүнөн-өзү милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

Сөз азыр төмөнкү милдеттенмелердин аткарылбашы же талап ылайык эмес аткарылышы жөнүндө болуп жатат, маселен, милдеттенменин аткарылбаганы үчүн айып пул төлөөдөн бошотуу, келтирилген чыгымды же/жана алынбай калган кирешенин ордун толтуруу, келишимде каралган башка жоопкерчиликтин түрлөрү. Эгер мисалы келишим боюнча товарды жеткирип берүү, жумушту аткаруу же насыя төлөө керек болгон болсо, милдеттенмени аткаруучу адам же тарап ал үчүн аргасыз «форс-мажор» жагдайы түзүлгөнүн далилдей алса, өз милдеттенмелерин өз убагында же талап ылайык аткарбаганы үчүн айып пул төлөөдөн бошотулушу мүмкүн. Муну менен бирге, муну далилдеген күндө да ал милдеттенменин өзү аткаруудан, маселен товарды жеткирүү, жумушту аткаруу же насыяны төлөөдөн бошотулбайт. Мындай милдеттенмелердин өзүн кантип токтотууга болот жанан анын кандай кесепеттери болушу мүмкүн экенин биздин кийинки макаладан окуңуздар.

2. Аргасыз «форс-мажор» жагдай түзүлгөнүн далилдөө же таануу кандайдыр бир универсалдык мүнөзгө ээ эмес, жана бардык ишкерлер үчүн же бардык келишимдер үчүн автоматтык түрдө таанылбайт.

Башкача айтканда, ишкерлер ӨА жарыяланганы жалпыга белгилүү факт да жана бул аларды автоматтык түрдө милдеттенмелери менен жоопкерчиликтеринен бошотот деп ойлобошу керек. ӨА ар бир келишимге же келишимдер тобуна кандай таасир эткенин карап чыгуу керек, ошондон кийин гана «форс-мажор» боюнча мыйзамдык чараларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча чечимдерди кабыл алууга болот. Бул жагдай КРнын Граждандык Кодексинин да төмөнкү беренелери менен тастыкталган:

Мыйзамда же келишимде башка каралбагандыктан, ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууда милдеттенмесин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган жак эгерде милдеттенмени аткаруу дарамет жеткис күчтөрдүн, башкача айтканда, ушундай шартта өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдын айынан аткарууга мүмкүн болбогондугун далилдебесе, жоопкерчиликти көтөрөт. Мындай кырдаалдарга, атап айтканда, карызкордун контрагенттери тарабынан милдеттенменин бузулушу, рынокто аны аткаруу үчүн керектүү товарлардын жоктугу, карызкордун зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу кирбейт
КРнын ЖК 356-берене, 3-бөлүк

Көрүнүп тургандай, жоопкерчиликтен бошотууга негиз болуп «форс-мажор» жагдай түзүлгөнүн жана анын түздөн-түз милдеттенмени аткарууга таасир тийгизгенин далилдеген факт эсептелет, буга байланыштуу ишкерлер бул багыттаа активдүү иш алып барып, бардык зарыл болгон юридикалык аракеттерди аткарышы зарыл.

Эмне кылуу керек?

1) Бардык келишимдердин реестрин түзүү керек (эгер мындай ресстр жок болсо) жана ар бир келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга ӨА кандай таасир эткенин анализдеп чыгуу керек.  

2) Келишимдерди тыкат иреттеп, «аткарылчулар» жана «аткарылбай тургандар» деп бөлүштүрүү керек. Мисалы, IT-компания же кеңеш берүү кызматын көрсөткөн компаниялар өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүү үчүн шаар ичин аралап жүрүүгө муктаж эмес, ӨА шартында мындай компаниялар үчүн  кадыресе иш алып барууга негизги шарттар бар (электр энергиясы менен камсыз болуу жана интернет байланышы), ошондуктан ӨА мындай компаниялардын милдеттенмелерин аткарууну мүмкүн эмес кылды деп айтууга болбойт. Демек, мындай аралыктан туруп кызмат көрсөтө турган уюмдарда  «форс-мажор» жагдайга байланыштуу милдеттенмелери аткарылбай калды деп жоопкерчиликтен бошотууну сураганга негизи жок. Натыйжада мындай типтеги келишимдерди «аткарылчу» келишимдердин катарына киргизип, тиешелүү тартипте иш алып баруу керек. 

3) "Аткарылбай тургандар» келишимдерди да анын текстинде «форс-мажор» жагдайлары туурасында канчалык деңгээлде айтылганы же айтылбаганына жараша түрлөргө бөлүштүрүү керек. Бул төмөндөгүдөй түрлөр болушу мүмкүн:

a) «форс-мажор» жагдай туурасында айтылбагандар;

b) айтылган, контрагентке бул туурасында эскертүү талап кылынган;

c) айтылган, контрагентке бул туурасында эскертүү жана Крнын Соода-өнөр жай Палатасынын бүтүмүн кошо тиркеп коюу талап кылынган. Адатта эл аралык товар жеткирүү боюнча бардык келишимдерде мындай жоболор киргизилет.

4) Контрагентке «форс-мажор» жагдайы түзүлгөнүн билдирүү.

4-1) Эгер сиздин келишимдериңиздин арасында а) категориясындагы келишимдер бар болсо, б.а. «форс-мажор» жагдайлары туурасында же багынбас күчкө ээ жагдай туурасында айтылбаган болсо, бул сиз аргасыз жагдайга таяна албайсыз дегенди билдирбейт, анткени бул жагдай Крнын Жарандык Кодексинин 356-беренесинде каралган. Муну менен бирге, а) категориясындагы келишимдерде адатта билдирүү мөөнөтү көрсөтүлбйт, ошондуктан контрагентке аргасыз жагдай туурасында болушунча эрте билдирүүгө аракет кылуу керек.

4-2) б) категориясындагы келишимдер боюнча конрагенттерге билдирүү жөнөтүү келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө аткарылат. 

4-3) с) категориясындагы келишимдер боюнча контрагентке билдирүү жөнөтүү келишимде каралган мөөнөттө аткарылат жана андан сырткары КРнын Соода-өнөр жай Палатасынан аргасыз жагдай түзүлгөнү туурасында тастыктаманы алдын ала алуу зарыл. Мындай тастыктама алуунун тартиптери менен бул жерден тааныша аласыздар.

Көңүл буруңуз! Бардык билдирүүлөрдө белгилүү бир келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышына же талапка ылайык эмес аткарылышына ӨА кандай байланыштуу экенин жана анын кеспетин так жазуу керек жана контрагенттин ал билдирүүнү алганын тастыктоосу керек.

5) Контрагент менен байланышып, келишимдин андан аркы «тагдырын» талкуулоо. Жетишилген натыйжаларды тмнкдй негизде бекит керек:

- Кошумча келишим түрүндө (мисалы, эгер келишимди токтотуу же келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча чечим кабыл алынса, бул учурда келишим ӨА режими алынгандан кийин же тараптар макулдашкан башка шарттарда аткарылат.

- Келишимди жокко чыгаруу боюнча макулдаштык (мисалы, милдеттенмени аткаруу эки тарап үчүн маанисин жоготкон учурларда эки тарап тең келишимди жокко чыгарууга макул болсо, же милдеттенмелерди аткаруу таптакыр мүмкүн эмес болуп жана бул үчүн эки тарап тең жооп бербесе (Крнын ГК 377-бер.), же эгерде мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысы (ачык актысы) чыккандан улам милдеттенме аткарылбаса (Крнын ГК 378-бер.).

6) Эгер контрагент «форс-мажор» жагдай түзүлгөнү боюнча сиздин жүйөлөрүңүзгө макул болбосо, талашты чечүү андан ары келишимде каралган тартипте жүрөт. Адатта мындай талаштар сот аркылуу чечилет. Бул учурда силер келишимде бекиткен соттук текшерүүдө колдонулчу укуктарды тактоо, сот ишинин перспективаларын баалоо жана далилдерди чогултуу өтө маанилүү.

Өтө сак болуңуздар, аргасыз жагдай туурасында билдирүү жөнөтпөй коюу же талапка ылайык эмес түрдө жөнөтүү келишимдин катышуучусун бул көрсөтүлгөн жагдайларга таянуу менен жоопкерчиликтен бошонуу укугунан ажыратат.

Дагы суроолоруңуз барбы? Биздин юристтер менен байланышып, акысыз кеп-кеңеш алыңыз.

Макала «DE URE consult» юридикалык компаниясынын Башкаруучу Өнөктөшү адвокат Наргиза Абдраимова тарабынан даярдалды.

6 апр 2020
Өзгөчө абал: КРда бизнес форс-мажорду далилдеши керек