МКК менен МФК ортосундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук салыштырма анализ
9 фев 2020

МКК менен МФК ортосундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук салыштырма анализ

Кыргызстанда МФК, МКК жана МКА иштейт: МКА — коммерциялык эмес, ал эми МФК жана МКК — коммерциялык. Макалада алардын укуктук статусу салыштырылат.

МКК жана МФК ишмердүүлүктөрү киреше табууга жана түшкөн таза пайданы дивиденд катары бөлүштүрүүгө багытталган жана ошондой эле МКК жана МФКга көзөмөлдөөчү уюмдардын талаптары банкатарга салыштырмалуу жумшагыраак келет, маселен экономикалык нормативдер жаатында жана башка көрсөткүчтөр боюнча, албетте бул жана башка факторлор көптөгөн инвесторлорду жана ишкерлерди кичифинансылык кызмат көрсөтүү рыногуна тартат.

Муну менен бирге эле, МКК жана МФК бир караганда жалпы укуктук жөнгө салууга ээ болгондой көрүнгөнү менен, бул эки финансылык институттун укуктук макамдары айырмачылыктарга ээ.

Бул макалада МКК жана МФК ортосундагы Кыргыз Республикасынын кичифинансылык уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык укукук макамдарына жүргүзүлгөн салыштырма анализ менен таанышып чыгуу сунушталат. Автордун ою боюнча,  мыйзам жоболорунун мындай форматта иштелип чыгышы МКК менен МФК укуктук макамдарынын айырмачылыктары менен жакшылап таанышууга жол берет.

Муну менен бирге белгилей кетчү нерсе, сунушталган анализ «ислам терезесине» ээ МФУ (микрофинансылык уюмдарды), жана ошондой эле, жеке адамдардан жана юридикалык тараптардан аманат акчаларды кабылдоого укук берген лицензиясы бар МФКды камтыбайт, алардын укуктук макамдары өзүнчө анализ жүргүзүүнү жана башка макаланы талап кылат.

МКК жана МФК боюнча салыштырма анализди бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Төмөнкү анализ Наргиза Абдраимова DE URE consult юридикалык компаниясынын Башкы юристи менен даярдалды.

9 фев 2020