Ишкерби же кызматкерби — дээрлик ар ким эртеби-кечпи «Бул мыйзамдуубу?» деп сурайт. Интернет мыйзамдарга жана үлгү формаларга жеткиликтүүлүк берет, бирок туура чечим үчүн юристтин жардамы керек.
Бирок, эл арасында “Бөдөнө болсо да касапчы сойсун” деген макал бекер айтылган эмес. Ошондо гана баары өз жайында болот жана сиз сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ээ боло аласыз.
Бүгүнкү учурда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте юридикалык кызматтар көп сандаган чоң жана майда юридикалык компаниялар тарабынан көрсөтүлүп келет, өз алдынча иштеген юристтерден тартып, чоң жамаатты кармаган ири компаниялар бар. Ошондой эле атайын адистешкен компаниялар бар, алар белгилүү бир багытта гана иш алып барышат, маселен керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ажырашуу процесстерине адистешкен уюмдар, бизнести укуктук жактан колдоо ж.б..
Алардын көбү акысыз кеп-кеңештерди берип келишет. Ошондуктан сиз эч кандай каражат жана убакыт коротпостон адискөй жардам ала аласыз, бул сиздин келечекте туура чечим кабыл алышыңызга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Албетте, ар бир адам өз алдынча эле ЖЧК же башка бизнесин каттоодон өткөрүп алса да болот. Интернеттин жардамы менен бул процедураларды ийне-жибине чейин изилдеп, кандай документтер керек экенин билип алып, бардык оң жана терс жактарын таразалап, өзүңүз үчүн туура чечим кабыл ала аласыз. Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн бизнести каттоо сыяктуу процедура үчүн юрист жалдап акча коротуу керекпи? Ишенип коюңуз, бул абдан керек, анткени өз ишиңизди баштоо жашооңуздагы маанилүү этаптардын бири, анын белгилүү бир өзгөчөлүктөрү жана укуктук жактан маселелери бар.
Эгер башка категориядагы иштерди айта турган болсок: жумуш берүүчү менен болгон талаш-тартыштар, кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу, никени бузуу, мүлктү бөлүштүрүү, мурасты жол-жоболоштуруу ж.б. боюнча Кыргызстанда адатта юристке кайрылуу тажрыйбасы калыптана элек. Батышта болсо бир чечим кабыл алаардан мурда юристи менен кеңешүү кадыресе көрүнүш, маселен жумуштан кетээрден мурда же кыймылсыз мүлк сатып алаардан мурда юристи менен акылдашат. Өз укугуңду билүү үчүн бул суроолорду адистен суроо керек, ушул учурда гана өз чечимиңиздин туура жана мыйзамдуу экенине ишенимдүү боло аласыз. Юридикалык иштерде өтө көп сандаган ченемдик-укуктук актыларды, мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду билүү керек.
Юристке телефон чалуу көп убакытты деле албайт, бирок бул кадам балким сизди туура эмес чечим кабыл алуудан сактап калышы мүмкүн.
Муну менен бирге, жакшы адисти табуу да маанилүү. Эгер сизге өз ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуу юристке көп кайрылганга туура келсе, “өз кишиңизди” таап алуу өтө маанилүү, анткени сиз юрист менен бизнеске, өз ишмердүүлүгүңүзгө, ал тургай жеке жашооңузга байланыштуу маселелер менен бөлүшөсүз.
Ошондуктан бир нече адвокат же юрист менен жолугуп көрүүнү сунуштайбыз. Сөзсүз түрдө сиз кайрылган маселе боюнча тажрыйбасы бар экенин тактаңыз. Эгер ал юрист белгилүү бир багыттагы иштер боюнча адистешкен болсо бул жакшы белги. Бардык маселелер менен алектенген юрист адатта жогорку квалификацияга ээ эмес болот, анткени белгилүү бир багыт боюнча мыйзамдарды ийне-жибине чейин изилдеп көргөн эмес жана мындай тажрыйбасы жок, баардык нерсе боюнча үстүртөн алектенген болот. Эгер сизде сот ишине байланыштуу маселе болсо, ал иштин сиздин пайдаңызга чечилишине 100% кепилдик берген юристтен же сот жана укук коргоо органдарында ишенимдүү адамдары бар экенин ачык жарыялаган адвокат же юристтерден сактаныңыз. Чынында профессионал юрист же адвокат эч качан мындай убадаларды бербейт.
Албетте, тааныштарыңыз же жакындарыңыз белгилүү бир юрист же компания менен иштеп, жакшы жыйынтык алган болсо, алардын сунуш-пикирлери да чоң роль ойнойт. Алар сунуштаган адистерден баштаңыз, жолугушуу белгилеңиз. Соңку тандоону биринчи кеп-кеңешин алгандан кийин жасоого болот. Сиз берген окшош эле суроолорго кайсы адис адискөйлүк менен жооп берсе жана көңүлүңүзгө жакса, ошол сиздин юристиңиз. Акыры юристти тандап алган соң, аны менен келишим түзүп, акысы үчүн төлөгөнүңүздү тастыктаган квитанция алууну унутпаңыз
Кыргызстандын юридикалык рыногу дээрлик чоң, сиз сөзсүз түрдө өз юристиңизди табасыз! Тандоо сиздин колуңузда!
Бөлүшүү