Сиз ишене турган кесипкөйлөр командасы

Сиз ишене турган кесипкөйлөр командасы

Биз жөнүндө

DE URE consult юридикалык компаниясы 2011-жылы негизделген жана 10 жылдан бери Кыргызстанда, КМШ өлкөлөрүндө, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ишкерлер менен уюмдардын ишмердүүлүгүн юридикалык жана бухгалтердик жактан коштоо боюнча кызмат көрсөтүп келет.  Биздин компаниянын юристтери бизнес процесстерин тескей турган негизги мыйзамдар болгон жарандык, корпоративдик, банктык, эмгек жана административдик мыйзамдар боюнча адистешкен. Муну менен бирге,  жамаатында адискөй бухгалтерлер болгондуктан DE URE consult ар кандай багыттагы уюмдардын ишмердүүлүгүнө юридикалык жана бухгалтердик жактан комплекстүү колдоо көрсөтө алат: банктар жана микрофинансылык уюмдар, курулуш компаниялары, соода жана кызмат көрсөтүү уюмдарынан коммерциялык эмес уюмдарга чейин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрдү жана филиалдары.

Биздин миссиябыз

«DE URE consult» юридикалык компаниясынын миссиясы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адискөй юридикалык кызмат көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында бизнести өнүктүрүүгө салым кошуу жана ишкерлерге  бизнесин гана  өнүктүрүү менен алектениши үчүн комплекстүү юридикалык кызматтарды көрсөтүү, муну менен бардык юридикалык, бухгалтердик жана салык боюнча маселелерди чечүү милдетин биздин компаниянын тажрыйбалуу адистерине берүү.

Бизди эмне үчүн тандашат

  1. Өз адистигинин чегинде тыкат иш алып баруу. Мунун натыйжасында биздин адистер мыйзамдарга, ошондой эле сот жана административдик маселелерге, Каргызстандагы бизнести тескөө амалдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөргө дайым көз салып турушат.
  2. Биз дайыма кызмат көрсөтүүдө комплекстүү чараларды пайдаланып келебиз, башкача айтканда максатка жетүү үчүн бир эле убакта юридикалык жана салык маселелерди да чогуу чечебиз. Натыйжада кардар укуктук жана салыктык жактан пайда болчу тобокелчиликтерди үзүрлүү башкара алат.
  3. Биздин алдыңкы юристтерибиз менен адвокаттарыбыз өз адистиги боюнча чоң тажрыйбага ээ, ошондой эле алар дайыма лектор же тренер катары да тажрыйба алып келишет. Натыйжада Кыргызстандагы бизнести укуктук жактан тескөөнүн өзгөчөлүктөрү боюнча теориялык жактан да, иш жузүндө да түшүнүктөрү терең.

Биздин баалуулуктарыбыз

  • Жоопкерчилик – кандай татаал маселе болбосун биз жоопкерчилик алганга даярбыз.
  • Дайыма адистик жактан өсүүгө умтулуу – биз үчүн дайыма билим алып туруу, жаңы билимдерге умтулуу, билим алуу жана адистикти жогорулатуу аркылуу кардарларыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу өтө маанилүү.
  • Купуялык кепилдиги – биздин адистик этикабыздын негизги принциби.
  • Социалдык жоопкерчилик – экологияга кам көрүү жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу, pro bono, кызматкерлерибизге кам көрүү биздин ишмердүулүгүбүздүн негизги багыттары болуп саналат

Биздин жамаат

DE URE consult командасы – бул юристтерден, бухгалтерлерден жана салык боюнча кеңешчилерден турган ынтымактуу жамаат, адискөйлүк, компетенттүүлүк, эмгекчилдик жана ийгиликке багыттуулук биз үчүн түгөнгүс шыктандыруучу булак жана компаниянын негизги өнүктүргүч күчү болуп саналат. Биздин кызматкерлердин 90% жаш, ишкердүү жана адискөйлүк менен жеке адамдык өнүгүүгө умтулган аялдар түзөт. Биз муну менен сыймыктанабыз.

Наргиза Абдраимова

Наргиза Абдраимова

Башкы өнөктөш, Адвокат

Кеспиптик йигилик бул дайыма адискойлукту остурууго болгон умтулу менен өз кардалардын ийгилигин чындан каоолнун айкалышы

Тилек Омуралиев

Тилек Омуралиев

Адвокат

Per aspera ad astra! Бул кредо мени ар дайым мени шыктандырат.

Эльвира Каримова

Эльвира Каримова

Башкы Юрист

Мен үчүн озум жана башкалар менен чынчыл болуу абдан маанилүү. Мен алдыда болуп, токтобой онуккум келет.

Павел Горбунов

Павел Горбунов

Башкы Юрист

Тоолордун жана жакшы адамдардын чоң күйөрманы

Джакипова Альбина

Джакипова Альбина

Юрист

Гулгакы Сулайманкулова

Гулгакы Сулайманкулова

Башкы бухгалтер

Кундо эрте туруу себеби - жаңы жетишкендиктерди жана улуу нерсе күтүп турат деген ойлор

Айгуль Касымова

Айгуль Касымова

Бухгалтер

Балансты издеп сандар менен иштеген жакшы кором

Бекмурзаева Мадина

Бекмурзаева Мадина

Бухгалтер

Отурбаңыз жана мүмкүнчүлүктөр өзүнөн өзү пайда болот деп күтпөңүз. Туруп, аларды жаратыңыз.

Сын-пикирлер

Кардарлардын максатын жеке өзүбуздүн максатыбыз катары кабыл алуу, биздин кардарлар менен мамиле түзүүдөгү негизги принцип болуп саналат. Биз өз кардарларыбыз менен бирге өнүгүп, бирге өсүүнү каалайбыз. Биз кардарлардын биз тууралуу ой-пикирлерин жогору баалайбыз, алар бизди жакшы болууга түртөт, жаңы жеңиштерге шыктандырат.

Александр Яцук

"Борбордук Азия" филиалынын Директору

ФГУП «РосРАО» Юридикалык компаниянын DE URE consult жамаатына ыраазычылыгын билдирет. Компаниянын юристтери жана бухгалтерлери кесипкөй иш алып барышты: филиалды катташты, тиешелүү лицензияларды алууда комплекстүү укуктук колдоо көрсөтүштү, ошондой эле филиалдын ишмердүүлүгүнүн учурдагы бухгалтердик коштоосун камсыздап, биздин ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөрүбүз бойдон калышууда.
logo

Айдай Акунова

Бакшы директор

Юридикалык компания DE URE consult – Кыргызстандын эң мыкты компанияларынын бири. Биз муну ишеним менен айта алабыз, анткени NATURE REPUBLIC компаниясы катталгандан бери DE URE consult менен кызматташып келет. Бул компаниянын юристтери биздин товардык белгибизге болгон укуктарыбызды коргоону камсыздап гана тим болбостон, эң негизгиси – адилетсиз атаандаштарга каршы күрөшүү боюнча адистештирилген укуктук иштерди жүргүзүшөт. Сиздердин ыкчамдыгыңыздарга жана кардарларга багытталган мамилеңиздерге ыраазычылык билдиребиз.
logo

Кристина Червонова

Башкармалыктын Төрайымы

DE URE consult Юридикалык компаниясынын адистери Кыргыз-Швейцария Банкынын кызыкчылыктарын сот органдарында коргоп, ошондой эле банктык жана жарандык мыйзамдардын ар кандай маселелери боюнча юридикалык корутундуларды беришет. Кызмат көрсөтүүнүн сапаттуулугу — ишенимдүү компаниянын эң маанилүү белгилеринин бири. Биз дайыма ушул компаниянын юристтери тапшырылган милдеттерди мыкты деңгээлде аткарып, өзгөчө көңүл бурганын сезебиз.
logo

Фарход Рахматов

Окулчулуктун Директору

Internews Europe өкүлчүлүгү (Кыргыз Республикасынын аймагында) Юридикалык компания DE URE consultка ыраазычылыгын билдирет. Биз эң кыска мөөнөттө өз өкүлчүлүгүбүздү каттап, 2016-жылдан бери жыл сайын чет элдик эмгек күчүн тартууга укук берүүчү уруксатты алуу боюнча юристтердин кызматтарын колдонуп келебиз. Биздин оң таасирлерибизди эске алуу менен, шексиз түрдө DE URE consult компаниясын башка уюмдарга сунуштайбыз.
logo

Социалдык жактан жоопкерчилик

Социалдык жактан жоопкерчиликтүү компания болууга умтулуу менен биздин компаниянын ишмердүүлүгүнүн коомго жана айлана-чөйрөгө, ошондой эле башка кызыктар тараптарга: кызматкерлерибизге, кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө, кредиторлорго, мамлекетке таасири же таасир этүү ыктымалдыгы үчүн жоопкерчилик туурасында тушүнүк пайда болду.

Мындай жоопкерчиликти түшүнүү жана кабылдоо менен, биз күнүмдүк корпоративдик маданиятка жоопкерчиликтүү мамиле боюнча белгилүү бир чараларды жана принциптерди киргизүүгө аракет көрөбүз жана аларды иш жүзүндө пайдаланууга умтулабыз.

Pro bono

2015-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында ПРООН тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда DE URE consult  компаниясы Кыргызстанда иш алып барга башка юридикалык компаниялар жана юристтер менен биргеликте юридикалык ишмердүүлүк боюнча pro bono Декларациясына кол койгон. Аталган декларациянын жоболорун кармануу менен, биздин компания коммерциялык эмес уюмдарга жана татаал социалдык же материалдык кырдаалга туш болгон адамдарга акысыз түрдө укуктук жардам көрсөтүүгө даяр. 

Рro bono демилгесинин аркасында биз бир нече жылдан бери профессионалдык жардам боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатабыз: биздин компаниянын ар бир юристи жылына бир жолу бир долбоорду тандап алып, акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, биздин компаниянын бардык юристтери өз адистиги боюнча алдын ала жазылуу шарты менен акысыз юридикалык кеңеш берип келишет. 

Акысыз кеңеш алуу үчүн же pro bono принциби боюнча акысыз юридикалык жардам алуу үчүн биздин PRO BONO корпоративдик программасынын координатору Наргиза Абдраимова менен байланышсыңыз болот: Телефону 0770898908, же, e-mail дарегине электрондук кат жөнөтүңүз: office@deure.kg (каттын темасына «pro bono» деп белгилеп коюңуз).

Белгилей кетчү нерсе, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экенине байланыштуу, биз төмөнкүлөргө гана pro bono жардам көрсөтөбүз:

Pro bono боюнча биздин компания тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык кызматтарга акы төлөнбөйт жана мамлекет же донордук уюмдар тарабынан тарабынан башкача жолдор менен кайтарылбайт. Бул демилге биздин адвокаттар менен юристтер тарабынан ыктыярдуу негизде ишке ашырылат, бул бир жагынан алардын коомчулук алдындагы социалдык жоопкерчилигин тушүнүүсү, экинчи жагынан муктаж болгон адамдарга акыйкаттуулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселесинде адис катары ролу.   DE URE consult компаниясынын жетекчилиги өз кызматкерлеринин мындай демилгелерин толугу менен колдойт жана pro bono  тажрыйбасын өзүнүн корпоративдик маданиятынын ажыргасы бөлүгүнө айлантуу үчүн бардык шарттарды түзөт.

Жашыл кеңсе

Биз дээрлик бардык уюмдар адатта өтө көп энергияны жана жаратылыш ресурстарын керектээрин түшүнөбүз, муну менен алар түз же кыйыр түрдө айлана-чөйрөгө таасир этет.

Биз ишенебиз – жеке түрдө болобу, корпоративдик деңгээлде болобу, кеңсе ичиндеби же сырттабы, биздин ишибиз кандай болбосун айлана-чөйрөгө таасир этет, жыйынтыгында биздин кызматкерлерибиздин жана кеңсебиздин меймандарыын саламаттыгына таасир тийгизет. Ошондуктан, биз кеңсебизде болушунча экологиялык, ыңгайлуу жана коопсуз жумуш мейкиндигин тузүүгө аракеттенебиз.

Айлана-чөйрөгө болгон таасирди азайтуу максатында биз төмөнкүлөргө жетишүүгө аракет кылабыз:

Кызматкерлерге кам көрүү

Юридическая компания DE URE consult компаниясы өз жамаатын анын адискөйлүгү жана өз ишин мыкты билгендиги үчүн, билими жана тажрыйбасы үчүн, демилгелүү жана ийгиликке умтулушун жогору баалайт.  Биздин кызматкерлердин 90% жаш, ишкердүү жана адискөйлүк менен жеке адамдык өнүгүүгө умтулган аялдар түзөт. Биз муну менен сыймыктанабыз.  

Компания кызыктар тараптардын ичинен кызматкерлерин негизги көңүл бурулчу топ катары карайт, буга байланыштуу биз өз кызматкерлерибиз алдында жоопкерчилик алууга даярбыз жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган нормаларды кынтыксыз аткарабыз, ошондой эле эмгек үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзөбүз.

Жумушка алуу, документтерди толтуруу, өз убагында маяна төлөө, жыл сайын төлөнө турган эс алууга чыгаруу, майрам күндөрү дем алыш берүү, сыйлык берүү, камсыздандыруу жана башка маселелер эмгек мыйзамдарына ылайык чечилет жана бардыгы биздин кызматкерлерибиз үчүн ачык жүргүзүлөт.

Биздин кызматкерлер компания көрсөтө турган бардык кызматтарга акысыз ээ боло алат, жеке юридикалык жана салык маселелер боюнча.

Компания профессионалдык жактан өнүгүү үчүн бардык шарттарды түзөт жана өз кызматкерлерин окутууга дайыма каражат жумшап келет, бул үчүн жыл сайын атайын бюджет каралган.

Жаңы кызматкерлер үчүн биз команданын жаңы мүчөсүнө туура багыт берүү максатында устаттык тажрыйбаны колдонобуз.

Психологиялык жана эмоцианалдык жактан жагымдуу маанай түзүү, ошондой эле бекем эмгек мамилелерин түзүүгө өбөлгө боло турган корпоративдик иш чараларды өткөрүү компаниянын негизги милдеттеринин бири болуп калды.

Биз үчүн дискриминациянын кандай түрү болбосун, сексуалдык жактан кысым көрсөтүү, буллинг, моббинг жана башка жумуштагы жеке укукту бузуп жана эмгек мамилелеринин кол тийбестигине залакасын тийгизе турган теңсиздик жана акыйкатсыздык көрүнүштөр кескин түрдө четке кагылат.

DE URE consult юридикалык компаниясы